Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Россияда кафе, ресторандардын түнкүсүн иштөөсүнө тыюу салынышы мүмкүн

26.10.2021 09:11
644
Россияда кафе, ресторандардын түнкүсүн иштөөсүнө тыюу салынышы мүмкүн

Россиянын президенти Владимир Путин аймак жетекчилерине түнкүсүн (23:00дөн таңкы 6:00гө чейин) ресторандар менен көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу Кремлдин сайты кабарлады.


Маалыматка караганда, мындан тышкары губернаторлорго COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн 60 жаштан ашкан жарандарды обочолонууга милдеттендирип, аларды бир айлык мөөнөткө аралыктан иштөөгө өткөрүү сунушу да берилди.


Президенттин тапшырмасына ылайык, ошондой эле аймак башчылары көңүл ачуусу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салып, жарандарды коомдук жайларга QR-код менен гана киргизиши керек болот.


Аймак башчылары бул чаралар боюнча алгачкы баяндамасын президентке 30-ноябрда даярдап бериши зарыл. Андан ары бул боюнча аткарылган иштери тууралуу ай сайын маалымат берип турушат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн