Кулжа 17, 2024
Убакыт: 00:59
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Россияда каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөктөрү жерге берилбей моргдордо турат

09.04.2020 14:31
2012
Россияда каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөктөрү жерге берилбей моргдордо турат

 

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде дипломаттардын жана диаспора өкүлдөрүнүн жыйыны өтүп, анда Россияда каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөктөрү жерге берилбей моргдордо турганы айтылды. Бул тууралуу kginfo.ru басылмасы кабарлады.


Маалыматка ылайык, COVID-19 пандемиясына байланыштуу аталган өлкөдөгү жарандарыбыздын маселелери талкууланган. Анын жүрүшүндө эки маселе каралган. Алардын биринчиси аэропорттордо кете албай калган жарандар, экинчиси жумушсуз калган мекендештерге жардам берүү талкууланган.


Маалыматка таянсак, диаспора өкүлдөрү жарандарыбызды мекенине кайтаруу үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө кайрылуу жасарын айткан. Анткени авиакаттамдар токтоп калгандан бери каза болгон жарандардын сөөктөрү жерге берилбей, күндөн-күнгө моргдордо көбөйүп жатканын, алып кетүүгө жүк ташуучу транспорттор гана бар экенин кабарлашкан.


Мындан улам, каза болгондорду жүккө кошуп салууга болбой турганы, бул маселени Кыргызстандын өкмөтү чечүүсү керек экени айтылган.


Ошондой эле, бүгүнкү күндө Москва шаарында эле 5 адамдын денеси жатканы, аларды ал жерде жерге берүү үчүн мусулмандардын мүрзөөсү жок экени белгиленген. Мындан сырткары Россияда жерге берүү өтө кмбат турарын кошумчалаган.


Россияда 700 миң мекендештерибиз эмгектенгенин, ал эми ал олкөнүн жарандыгын алгандарды кошкондо миллиондон ашары айтылып. Мындай көйгөйлөрдөн арылуу үчүн Кыргызстан Россия жана башка өлкөлөр менен авиакаттамдарын ачуусу керек экени айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн