Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россияда кылмыш кылган кыргызстандыктардын саны көбөйдү

25.08.2021 15:36
479
Россияда кылмыш кылган кыргызстандыктардын саны көбөйдү

2021-жылдын 24-августунда Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы Башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат ИИМдин Москва ш. боюнча Башкы Башкармалыгынын ыкчам иштери боюнча Башчысынын орун басары полициянын генерал-майору А.Половинка менен жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен билдирди.


Биргелешкен профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө өз ара кызыкчылык билдирилди.


Москва полициясынын жетекчилиги 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Москвада жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын саны кыйла көбөйгөндүгүн билдирди.


2021-жылдын 7 айында эле Россиянын борборунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен 916 кылмыш (негизинен адамга каршы) катталган. Көбүнчө мыйзамсыз аракеттерди Кыргызстандын жарандары өз мекендештерине карата жасашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн