Москвада кыргыз кыз-келиндер массалык мушташ уюштурушту. Бул тууралуу , 30 -сентябрда орус басылмалары күч органдарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мушташ Хачатурян көчөсүндө болгон. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери урушту токтотушуп, беш адамды милиция бөлүмүнө алып кетишкен.
Аялдардын айтымында, алгач ортолорунда чыр чыгып, ал мушташка чейин жеткен.
Белгилүү болгондой, мушташкандардын көбү жаштар, ал эми эң улууусу 40 жашта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн