Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россияда коронавирус илдетин жуктургандар 155 миңге жетти

05.05.2020 17:24
875
Россияда коронавирус илдетин жуктургандар 155 миңге жетти


Россияда бир сутка ичинде COVID-19 вирусун жаңы 10 102 учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтына жайгаштырылды.


Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын саны 155 370 адамга жетти. Ал эми илдеттен каза болгондор 1451 кишини түзүп, оорудан 19 865 бейтап сакайган.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны Кыргызстанда 843 кишиге жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн