Россияда бир суткада COVID-19 инфекциясынны жаңы 10 669 учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен маалыматында айтылат.
Ага ылайык, илдетти жуктургандардын жалпы саны 187 859 бейтапка жетип, анын ичинен 26 608 адам дарттан сакайып, 1723 киши каза болгон
Ал эми 5 миллионго жакын адамдан коронавируска анализ алынган.
Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны дүйнөдө төрт миллионго жакындады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн