Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россияда коронавирус илдетин жуктургандар 250 миңден ашты

14.05.2020 19:07
1048
Россияда коронавирус илдетин жуктургандар 250 миңден ашты


Россияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 252 245 кишиге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 9 974 жаңы учур катталып, бул көрсөткүч 2-майдан баштап эң аз деп катталды.


Ал эми илдеттен 53 530 бейтап айыгып, 2 305 киши каза болду.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны дүйнөдө 4 371 611 бейтапты түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн