Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Россияда коронавирус менен ооруган адамдардын саны 1 миллиондон ашты

30.09.2020 18:00
939
Россияда коронавирус менен ооруган адамдардын саны 1 миллиондон ашты


Россиянын аймагында коронавирус жуккан адамдардын жалпы саны 1 млн 176 миң 286 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы билдирди.


Маалыматка караганда, акыркы сутканын ичинде 8481 адамдан коронавирус табылган. Жаңы бейтаптар федерациянын 84 аймагынан аныкталган. Алардын ичинен 2 170 адам ооруну белгилери жок алып жүрөт. 


Ал эми бул оорудан улам акыркы суткада Россияда 177 адам каза болду.  Алардын эң көбү Москва жана Санкт-Петербург шаарларында катталган. 


Пандемия башталгандан бери Россияда коронавирустан жалпы 20 миң 722 адам көз жумду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн