Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 10:17
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Россияда коронавирустан алгачкы жолу адам каза тапты

19.03.2020 15:39
873
Россияда коронавирустан алгачкы жолу адам каза тапты


Москвада коронавируска чалдыккан 79 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Россиялык басылмалар жазып чыкты. 


Маалыматка ылайык, көз жумган бейтаптын жүрөк-кан тамырларына байланышкан бир топ өнөкөт оорулары да бар экендиги айтылды.


Каза тапкан аял 13-мартта ооруканага жаткырылып, кийинки күнү туугандарынын өтүнүчү менен жеке клиникага которулган. Инфекциялык бейтапкана анда коронавирус бар экендигин аныктап, дем алуусу кыйындагандыктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан.


Ыкчам штаб аялдын тууган-уруктары медиктердин көзөмөлүндө экендигин кошумчалады. Аларда азырынча COVID-19 симптомдору жок.


Россияда коронавируска 147 адам чалдыгып, анын сегизи айыкты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн