Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Россияда коронавирустан каза болгондордун саны 8 миңден ашты

16.06.2020 18:03
828
Россияда коронавирустан каза болгондордун саны 8 миңден ашты


Россияда акыркы суткада 8248 адамдан коронавирус аныкталды. Ыкчам штабдын 16-июндагы маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 82 аймагынан тастыкталган. 2950 бейтап (35,8%) — коронавирус аныкталгандар менен байланышкан жана оорусу симптому жок өтүп жаткандар.


Ошондой эле бир суткада 193 адам каза болду. 16-июнга карата Россиядагы бул илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 545 миң 458 адамга жетти. Анын ичинен 8248 бейтап көз жумду. Пандемия башталгандан бери 15,3 млн (акыркы суткада 234,2 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 312 707 миң адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн