Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Россияда кредиттер боюнча карыздардын саны рекорддук темптер менен өсүүдө

16.06.2020 17:17
925
Россияда кредиттер боюнча карыздардын саны рекорддук темптер менен өсүүдө


Кредиттер боюнча төлөнбөгөн карыздардын көлөмү Россияда 2020-жылдын алгачкы беш айында 11%га өстү. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 110 эсеге көп деп айтылат Кесипкөй коллектордук агенттиктердин улуттук ассоциациясы менен “Эквифакс” кредиттик таржымалдар бюросунун маалыматтарында. Маалыматтар менен “Известия” басылмасы таанышып көргөн.


2020-жылдын башталышында кредиттер боюнча карыздардын жалпы суммасы 125,2 млрд рублди түзсө, май айында 139 млрд рублга жеткен. Ошентип, үч айдан ашык убакыт төлөнбөгөн карыздар боюнча рекорд белгиленди деп айтылат аталган эки мекеменин биргелешкен маалыматында. Жагдайдын жаман жагына оошуна пандемияга байланыштуу жарандардын кирешелеринин азайышы себеп болгон. Арийне, кредиттерди убагында төлөбөй калуу каражаттардын үнөмдөлүшүнө өбөлгө боло албайт. Жарандар биринчи кезекте өзүлөрүн, андан соң жакындарын камсыздоону, акыркы кезекте гана карыздарын төлөөнү ойлонушууда.


Эске салсак, Россияда 3-апрелден тарта кирешеси 30%дан ашык көлөмгө азайган жарандарга алты айга чейин кредиттик каникулдар берилген. Ал үчүн 2020-жылдын 30 сентябрына чейин банктарга арыз менен кайрылуу керек. Өкмөт карыздар боюнча каникул берилүүчү суммалардын лимитин белгилеген: ипотека – 2 млн рублдан ашык эмес (Санкт-Петербургда жана Ыраакы Чыгыш округунда - 3 млн, Москвада - 4,5 млн), автокредит – 600 миң рублдан ашык эмес, керектөө кредити – 250 миңден ашык эмес, кредиттик карталарга – 100 миң рублдан ашык эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн