Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россияда күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу Кыргызстандын нефтетрейдерлерине сунуштар берилди

31.05.2023 10:18
211
Россияда күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу Кыргызстандын нефтетрейдерлерине сунуштар берилди


Россия Федерациясынын дүң соода тармагында күйүүчү-майлоочу майларга баалардын өзгөрүшүнө байланыштуу монополияга каршы чара көрүүнүн алкагында Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.


Жыйынтыгында нефтетрейдерлерге төмөнкүдөй сунуштар берилди:


- «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так аткарууга;


- Кыргызстандын ички рыногундагы кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтаруу;


- күйүүчү-майлоочу материалдарга жана суюлтулган углеводород газдарына баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө;


- Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын суроо-талаптарына тезирээк жооп берүү;


- рынокту толтуруу жана мунай продуктыларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын зарыл запастарын камсыз кылуу;


- май куюучу станцияларда аз толтурууну контролдоо жана алдын алуу боюнча иштерди жургузуу.


Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча, биржада АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы (24-майга карата) тоннасына 61,8 миң рублга чейин көтөрүлүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн