Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россияда кыргыз мигранттардын кайрылууларын кабыл алган борбор иштеп баштады

20.04.2020 10:01
1128
Россияда кыргыз мигранттардын кайрылууларын кабыл алган борбор иштеп баштады


Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин алдында түзүлгөн штабда колл-центр уюштурулуп, кечээ, 19-апрелден тартып күнү-түнү иштеп баштады. Бул тууралуу элчи Аликбек Жекшенкулов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.


Анын маалыматы боюнча, бул борбор Россияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына жана жардам сурап кайрылган кыргыз мигранттарынын кайрылууларынын көптүгүнөн улам ачылды. Бул борбор жарандардын кайрылууларын күнү-түнү кабыл алат.  


Элчи белгилегендей, биринчи керектөөдөгү азык-түлүк жардамдары жана убактылуу баш калкалоого жай так критерийлердин негизинде гана берилет, биринчи кезекте өтө муктаж болгондорго, көп балалууларга, жалгыз бой энелерге, оорулуу жана улгайган адамдарга берилет.


Ошондой эле Элчилик КР жарандарын санитардык-медициналык эрежелерди жана тартиптерди так сактоого чакырып, өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугу үчүн кам көрүүгө үндөдү.


Колл-центрге төмөндөгү номурлар аркылуу кайрылууга болот:

+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 – (
вотсап);
+7 (925) 387 45 97 – (
вотсап);
+7 925 103 29 11 – (
вотсап).

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн