Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Россияда турак жай өрттөнүп, 6 өзбек жараны каза болду

07.05.2020 09:18
965
Россияда турак жай өрттөнүп, 6 өзбек жараны каза болду


Россиянын Подмосковье аймагынын Раменский районундагы жер тамдардын биринен өрт чыгып, алты адам каза болду. 

Расмий маалыматтарга караганда, анда үч эркек жана үч аял каза болгон. Алардын баары Өзбекстан жарандары. 

Өрт таңга маал төрттө чыгып, кечки саат алтыда өчүрүлгөн. Бул окуяга байланыштуу Россиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин “Эки жана андан көп кишини атайлап өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.


Баштапкы маалыматтарга караганда, бул үйдө 26 киши жашаган, баары тең башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары болгон. Өрттүн себептери учурда тактала элек.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн