Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россияда жасалма документтерди колдонуп жүргөн кыргыз жарандары аныкталды (фото)

11.07.2020 07:55
1264
Россияда жасалма документтерди колдонуп жүргөн кыргыз жарандары аныкталды (фото)


КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвада Кыргызстандын жана Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн жарандарынын жасалма документтерин пайдалануу боюнча бир катар фактыларды аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун 1992-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну так маалымат камтылбаган айдоочулук күбөлүктү, Баткен облусунун 1972-жылы туулган К.М. аттуу тургуну мамлекеттик үлгүгө дал келбеген паспортту, Ош облусунун 1995-жылы туулган С.М. аттуу тургуну жасалма айдоочулук күбөлүктү пайлананып жүргөн фактылар аныкталды. 


Ошондой эле жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөн башка өлкөлөрдүн жарандары дагы аныкталган. Коңшу өлкөлөрдүн биринин тургуну 1985-жылы туулган К.Ж.нын  паспортун текшерүү учурунда ПИН-номуру менен сериясы башка адамга таандык экендигин көрсөткөн. Башка дагы коңшу өлкөнүн жараны 1990-жылы туулган С.А. маалыматы дайынсыз болгон паспорт менен айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөнү тастыкталган. Ал документтердеги номурлар Кыргызстанда ыйгарылган эмес.


Жогорудагы бардык фактылар боюнча тиешелүү экпертизалар дайындалып, ИИМдин аймактык эксперттик-криминалисттик борборунун иликтөөсү жөнүндө тактамасына ылайык жогорудагы документтер жасалма болуп чыккан. Ал эми жасалма документтерди пайдалангандардын аракетинде Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 327-беренесиндеги (Жасалма документтерди пайдалануу) кылмыш белгилери байкалган.


Азыркы учурда кыргыз жарандарына таандык жасалма документтерди жасоого тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн