Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Россиянын Забайкалье аймагында жол кырсыгынан 22 жаштагы кыргызстандык каза болду.
КР ТИМдин билдирүүсүнө караганда, кырсык "Амур" федералдык автожолунун 574-чакырымында болгон.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү учурда каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланыш түзүп, керектүү консулдук укуктук жардам көрсөтүүдө.
Макрумдун сөөгү 2023-жылдын 10-декабрында Кыргызстанга алып келинет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн