Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:39
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Элчилик билеттерди кымбат сатат деген маалымат жалган

03.06.2020 14:08
985
Элчилик билеттерди кымбат сатат деген маалымат жалган

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын каттамдарына билеттер Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги тарабынан жогору баада сатылып жатат, деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Элчиликтин алдындагы штабдан билдиришти.


Алардын маалыматында, билеттин баасын «Аэрофлот» компаниясы гана коет жана сата алат.


Элчилик жүргүнчүлөрдүн тизмесин гана берет. Тизме жарандын жеке арыздары жана кыргыз диаспорасынын лидерлеринин сунушу менен кош бойлуу айымдар, балалуу энелер, оорукчандар, улгайган жарандар, ошондой эле март айынан бери хостелдерде каттам күтүп жаткан жарандар, ошондой эле жакын адамдарынын каза болгондугуна байланыштуу кайрылган жарандардан түзүлөт”, - деп билдирди штаб.


Бүгүнкү күндө мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 4,5 миңден ашуун арыз келип түшкөн.


Элчилик Москва шаарынын мэриясы менен биздин жарандарыбызга жардам берүү жана жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиа каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Июнь айынын ичинде Россиядан Кыргызстанга чартердик каттамдардын уюштурулат”, - деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн