Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги жарандарды электрондук авиа билеттерди сатып алуудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиа байланыштар, темир жол жана автоунаа жолдору убактылуу жабык, бирок COVID – 19 илдетине байланыштуу мындан ары да узарышы мүмкүн.
Мындан улам, авиа билеттерди алыстан жана электрондук тартипте саткан, юридикалык жоопкерчилиги жок ортомчу интернет-сайттар Кыргыз жарандарынын акчасынан чөнтөгүнө пайда көрүп жатат.
Ошондой эле, ортомчулардан билеттерди алган жарандар, алган билеттеринин акчасын кайтара албай жаткан учурлар катталып жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн