2022-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Жооптуу катчысы С.В.Поспелов менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, жолугушуунун жүрүшүндө Москва шаарында үстүбүздөгү жылдын 5-декабрына белгиленген Кеңештин биргелешкен жыйынынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын XV пленардык жыйынынын алдында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн