Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Россиядагы элчи диаспора өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

20.08.2022 14:18
422
Россиядагы элчи диаспора өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

2022-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Кыргыз диаспора уюмдары жана бирикмелеринин бардык регион (шаардык жана райондук) жетекчилери менен кеңейтилген жолугушуусу болуп өттү.  Бул туурасында Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги кабарлады.


Маалым болгондой, жолугушууда миграция чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, атап айтканда, миграциялык каттоо, медициналык камсыздандыруу, мыйзамдуу ишке орноштуруу, Кыргызстандын каза болгон жарандарынын сөөгүн мекенине кетирүү, ошондой эле Элчиликтин консулдук ишмердүүлүгүнүн башка багыттары талкууланды.


Дипломатиялык өкүлчүлүктүн Башчысы инвестиция тартуу, өлкө экономикасынын ар кыл тармактарын чыңдоо жана түрдүү тармактарда диаспораны колдоо боюнча Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Элчи иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана консулдук кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча Элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чараларга бурду.


Бул жолугушуунун алкагында Элчилик кыргызстандыктардын укуктук сабаттуулугун жана аң-сезимин жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Бул сунуш жыйындын бардык катышуучулары тарабынан колдоого алынып, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жарандарынын абалын жакшыртууга жана мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүгө багытталган аракеттерди биргелешип жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.


Жолугушууга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери, ошондой эле Россиянын Мигранттар федерациясынын жетекчиси В.Коженов да катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн