Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Россиядагы элчилик Татарстанда кармалып турган жаран боюнча түшүндүрмө берди

16.09.2021 14:36
1143
Россиядагы элчилик Татарстанда кармалып турган жаран боюнча түшүндүрмө берди

Казань эл аралык аэропортунда 2000-жылы туулган 20 жаштагы А.М., аттуу Кыргызстандык студентке карата Россияга кирүүсүн чектөө маселеси боюнча Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

 Элчилик 2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын жаранынын Россияга кирүүсүнө уруксат берилбеген факты жөнүндө маалымат келип түшөрү менен Кыргыз Республикасынын жаранынын Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөнү алып салуу боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына өтүнүч каттар дароо жөнөтүлдү.


 Кошумчалай кетсек, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулунун Россиянын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгон.


 Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери КРнын жараны жана анын апасы менен байланышта болуп жатат.


 КРнын жараны Россияга кирүүгө чектөө коюу маселеси чечилмейинче, кийинки рейс менен Кыргызстанга кайра кайтарылат.


 Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын жараны акыркы жолу Россиянын аймагында жүргөндө эки жолу жол эрежесин бузган жана административдик айып салынып, мыйзам бузуучу тарабынан төлөнгөн.


 Россиянын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандын Россия Федерациясынын аймагында жүргөн мезгилинде эки же андан көп административдик укук бузуулардын жасалышы мамлекеттик бийлик органдарынын Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алуусуна алып келет.


 Белгилей кетсек, күнү-түнү иштеген консулдун ишеним телефонуна (+ 7-925-115-50-47) Казандын аэропортунда жүргөн КР жараны тууралуу маалымат келген эмес.


 Элчилик Кыргызстандын жарандарынан Россияга учардын алдында Россиянын Ички иштер министрлиги аркылуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкы башкармалыгынын сайтынан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Россия Федерациясынын аймагына киргизбөө чечимдери көрсөтүлгөн маалыматты текшерүүнү суранат. 


 Ошону менен бирге, «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Россия Федерациясынын аймагына Россиянын Ички иштер министрлиги аркылуу киргизбөө үчүн негиздердин бар экендигин текшерүү» издөө системасы боюнча текшерсе да болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн