Россиянын аймагындагы кыргыз жарандары бир нече авиакаттамдар менен алып келинет. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер минситринин өкүлү билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-17 май аралыгында Россия жана Кувейттен чарттердик каттамдар учуп келет. Аталган каттамдарда Россияда аскер багытында окуп жүргөн кыргызстандык курсанттар жана офицерлердин келүүсү каралган.
Билдирүгө таянсак, 14-майда Москвадан жана Кувейттен, 15-майда Санкт-Петербургдан, 16-майда Москвадан, 17-майда Москвадан чарттердик каттамдар учуп келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн