Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Россиядагы көк бөрү боюнча Ч.Айтматов кубогун Москва командасы утуп алды

14.06.2021 18:07
2585
Россиядагы көк бөрү боюнча Ч.Айтматов кубогун Москва командасы утуп алды


Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.


Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.


Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойноду.


Жарым финалда Подольск командасы "Атуул" (Кыргызстан) менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Ал эми финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутскинин улакчыларын 4:1 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болду.


Мындан тышкары, Москва командасынан Бообек Шекербек уулу турнирдин мыкты оюнчусу, Иркутскинин "Бойка" аттуу аргымагы мыкты ат наамына татыды.


Сыйлоо аземине Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышкан.


Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аталган турнирге катышуу үчүн 12 улакчыны Москвага жөнөткөн.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн