Көптөгөн оор абалдагы
жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн Россиядагы мекендештер тарабынан Бишкек
шаардык мэриясына дары-дармектер белек кылынды. Бул тууралуу мэриянын
басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, «Табарман» коому жана «Садовод» соода
комплекси каражат чогултуп, 524 миң рублга учурда аз болуп жаткан дарыларды
сатып беришти. Бардык уюштуруу иштерин, транспорттук-логистикалык чыгымдарын
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мойнуна алды.
Элчинин коомдук кеңешчиси Тимур Саралаев муниципалитетке 100
таңгак “клексан”, 100 таңгак “гепарин” дарыларын, 100 каннула жана бир жолу
колдонулуучу шприцтерди берди.
Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөндөргө
ыраазычылык билдирди. Жардам шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын
арыздарына ылайык, Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө
комиссиясынын жыйынында таратылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн