Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Россиядагы мекендештер 60 атайын форма жана зарыл медкаражаттарды жөнөтүштү

18.07.2020 13:36
1032
Россиядагы мекендештер 60 атайын форма жана зарыл медкаражаттарды жөнөтүштү

Россиядагы кыргызстандыктар муфтиятка медициналык каражаттарды жөнөтүштү. 

Муфтияттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 17-июлда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев КМДБга 60 атайын коргонуучу форма, 50 даана KN95 респиратор маскасын, дары-дармек сактоочу муздаткыч, антисептикалык каражаттарды жана 45 миң сомду кычкылтек концентраторун алуу үчүн тапшырып берди.

Ал эми муфтий Максатбек ажы Токтомушев кайрымдуулук колун сунган Россиядагы мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, мындай учурда бирге аракет көрүү зарыл экендигин баса белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн