Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:17
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Россиядагы мекендештер Western Union аркылуу акча которо албайт

16.03.2022 10:34
897
Россиядагы мекендештер Western Union аркылуу акча которо албайт

Кыргыстандын Улуттук банкы «Вестерн Юнион» системасынын иштеши тууралуу маалымат берди.


Билдирүүдө айтылгандай, 2022-жылдын 24-мартынан тартып «Вестерн Юнион» банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы өз ишин Россияда жана Беларуста токтото тургандыгы жөнүндө «БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түшкөн.


«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧКнын катына ылайык, Россиядан жана Беларустан «Вестерн Юнион» системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөнүп берилет.


Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) бардык акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт.


«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧК маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргыз Республикасынын өнөктөштөрү, б.а. коммерциялык банктар, менен түзүлгөн келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерин аткарат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн