Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россиядагы мигранттардын каттоо маселесин чечүү жолдору талкууланды

13.09.2022 14:39
616
Россиядагы мигранттардын каттоо маселесин чечүү жолдору талкууланды

Москвада Кыргызстандын жарандарынын миграциялык көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 12-сентябрда КР президентинин тапшырмасы боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцевдин жолугушуп, анын жүрүшүндө миграция чөйрөсүндөгү кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды.

Андан ары Базарбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору К.Акматбековдордун РФ ички иштер министринин Биринчи орун басары А.Горовой жана РФ Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы В.Казаковалар менен кеңири сүйлөшүүлөрү болду.

Жолугушуунун алкагында КР жарандарынын РФда жүрүүсүнө жана алардын миграциялык каттоого туруу тартибине байланышкан көйгөйлүү маселелер талкууланды.

"Кыргызстан тарап РФ аймагында КР жарандары үчүн миграциялык жол-жоболорду жакшыртуу максатында жогоруда аталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизди", - деп айтылат маалыматта.

Соңунда Россия тарап кыргыз тарабынын сунуштарын эске алып, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашууга жетишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн