Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Россиядан 150 миллион рублга медициналык каражаттар келет

26.07.2020 09:38
541
Россиядан 150 миллион рублга медициналык каражаттар келет

 

Россиядан Кыргызстанга 150 миллион рублдук дары-дармектер жана медициналык жабдуулар келет. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борту менен Бишкекке болжол менен 150 миллион рубль өлчөмүндө дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жеткирилет.

 

Билдирүүгө таянсак, коронавирус инфекциясы менен күрөшү үчүн Кыргызстанга Россиядан жалпы 77 дарыгер келген.


“Эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы келишимдердин натыйжасында, үстүбүздөгү жылдын 22 жана 23-июлунда Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борттору менен 6 медициналык топ (19 адам), медициналык жабдуулар, коронавирустук илдетин жуктуруп алган пациенттерди дарылоо тажрыйбасы бар 58 россиялык дарыгерлер Кыргызстанга жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн