Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Россиядан 402 кыргыз жараны чартердик каттам менен келе жатат

17.05.2020 16:02
1072
Россиядан 402 кыргыз жараны чартердик каттам менен келе жатат


Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришинче бүгүн, 17-майда 402 кыргыз жараны чартердик каттам менен Россиядан Кыргызстанга учту.   


Алардын 123ү ар кандай оорулардан жабыркаган оор абалдагы бейтаптар, 17си аларды узатып келе жаткан атайын кызматкерлер, 8и майып адамдар, 34ү улгайган адамдар жана 94ү кош бойлуу айымдар. Ошондой эле бойго жете элек балдары бар 77 ата-эне жана хостелдерде чартердик каттамды күтүп жаткан 49 кыргыз жараны бар.    


Учакка тизме атайын комиссия тарабынан дыкат текшерилип анан түзүлгөн.  


"Дагы кезекте миңден ашуун адам турат. Алардын арасында оор абалдагы бейтаптар, кош бойлуу аялдар, балдар жана улгайган адамдар бар. Учурда чартердик каттам менен аларды алып келүү боюнча атайын штаб күнү-түнү иштеп жатат.  Жарандарды да абалды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.  


Ошондой эле ар кайсы саясий упай топтоону каалаган адамдардын сөзүнө ишенип, Оренбург облусуна барып алып, кете албай ошол жерге топтолгон кыргыз жарандарын алып келүү үчүн да чартердик каттам уюштурулуп жатканын кабарлашты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн