Бүгүн Россиядан коронавируска каршы күрөшүү максатында Кыргызстанга 50 миң ПЦР тест системи келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Орусиядан жөнөтүлгөн 500 ПЦР тестирлөө тутуму 50 миң лабораториялык анализге жетиштүү болот. Бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда бизди колдогону үчүн Орусияга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - Үсөнбаев.
Үсөнбаев өзү Россиядан келген тест системдерди "Манас" аэропортунан күтүп алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн