Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:18
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Россиядан, АКШдан жана Бразилиядан Европага кирүүгө убактылуу тыюу салынышы мүмкүн

24.06.2020 09:44
1506
Россиядан, АКШдан жана Бразилиядан Европага кирүүгө убактылуу тыюу салынышы мүмкүн


Аталган үч өлкө 1-июлдан тарта Еврозонага кирүүгө уруксат берилген мамлекеттердин тизмесине кирбей калды деп маалымдады The New York Times (NYT) басылмасы. Чектөөлөр 50 өлкө, алардын арасында Кытай үчүн алынат.


Эске салсак, июнь айынын орто ченинде Еврокомиссия 1-июлдан тарта кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган. Тизмеге коронавирус боюнча абал жакшы делген Черногория, Албания, Сербия, Босния жана Герцеговина, Косово жана Түндүк Македония кирди, бирок АКШ, Россия жана Бразилия боюнча маселени Еврокомиссия караган да жок.


Тизмени түзүүдө Еврокомиссия акыркы 14 күндө өлкөлөрдө коронавирустун жугуусу боюнча маалыматтарга негизденүүдө.


Арийне, NYT АКШдан кирүүгө уруксаттын берилбей жатышын саясий себептер менен байланыштырууда – быйыл жазда президент Дональд Трамп Евросоюздан АКШга кирүүгө тыюу салган жана ал бүгүнкүгө чейин алына элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн