Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Россиядан Кыргызстанга дарыгерлер менен медициналык жабдуулар келет

21.07.2020 09:37
889
Россиядан Кыргызстанга дарыгерлер менен медициналык жабдуулар келет


Кыргызстанга Россиядан дарыгерлер атайын жабдуулары жана дары-дармеги менен келет. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтен билдирди.


Маалыматка ылайык, учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал татаалдагандыгына байланыштуу, президент Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда бир катар келишимдер жетишилип, натыйжада Россия тараптын колдоосу менен пандемиянын кесепеттерине каршы биргелешкен иш-чаралар башталды.


Келишимге ылайык, бүгүн, 21-июлда Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы менен россиялык медициналык кызматкерлердин тобу жабдуулар жана дары каражаттары менен Бишкекке учуп келүүсү пландалууда.


Пневмония жана COVID-19 менен ооругандарды дарылоодо тажрыйбасы бар россиялык дарыгерлер кыргыз кесиптештерине жардам берүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларда иштешет.


Мындан тышкары, коронавирустук инфекция менен күрөшүү үчүн жакынкы аралыкта кошумча Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагын 100гө жакын россиялык дарыгерлери жана атайын жабдуулары менен жиберүү пландаштырылууда. Бул топко ар кандай багыттагы дарыгерлер, анын ичинде анестезиолог-реаниматолог, терапевт, кардиолог, эпидемиолог, жугуштуу оорулар боюнча адистер жана башкалар кирет.


Россия тарабынан бериле турган медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.


Белгилей кетсек, Россия буга чейин Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ПЦР тест-системалары (110 000 изилдөөгө), дары-дармектер жана медициналык жабдуулар, ошондой эле жеке коргонуу шаймандарын берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн