Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Россиядан Кыргызстанга буудай ташуу маселеси талкууланды

08.09.2022 18:12
517
Россиядан Кыргызстанга буудай ташуу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бириккен дан компаниясы” акционердик коомунун (Россия Федерациясы) башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту.


Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, жыйында Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына эгин ташууну көбөйтүү маселеси каралды.


«Россия Федерациясы биздин стратегиялык өнөктөшүбүз бойдон кала берет. Биз ири дан импорттоочуларынын бири катары “Бириккен дан компаниясы” менен кызматташууга кызыкдарбыз. Бул эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык болоруна ишенем», — деди Акылбек Жапаров.


«Бириккен дан компаниясы» акционердик коомунун башкы директору Дмитрий Сергеев өз кезегинде Кыргыз Республикасында филиал ачууга көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн министрлер кабинетинин төрагасына ыраазычылык билдирди.


Ал “Бириккен дан компаниясы” акционердик коому өлкөгө дан жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатканын жана кыргыз тарап менен биргелешкен ишкана түзүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн