Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Россиядан Ошко 21 кыргызстандык медик келди

18.07.2020 22:04
1050
Россиядан Ошко 21 кыргызстандык медик келди

Ош шаарына Москвадан жана Новосибирсктен кыргызстандык жарандар келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москвадан 153 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Ошондой эле бул каттам менен кыргызстандык кесиптештерине коронавирус жана пневмония ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө 19 мекендеш - медицина кызматкери келген. Ал эми Новосибирск шаарынан эки кыргызстандык дарыгер жардам берүү үчүн мекенине келди. 

"Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн