Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россиядан чартердик каттам менен 372 кыргыз жараны учуп келе жатат

26.05.2020 14:06
1009
Россиядан чартердик каттам менен 372 кыргыз жараны учуп келе жатат


Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты. 


Маалыматка ылайык, 26-майда Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп чыккан. Анда 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аял жана эле 2 жашка жете элек балдары менен 53 эне бар.


Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.


Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класстагы” орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класстан” орун алган 26 жаран жөнөтүлгөн. Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар да бар. Мындан сырткары, Россия тарабынан бул каттамга РФ жарандары болуп саналган 5 адам киргизилген.


Аталган авиакаттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушалган Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган жумушчу топтун жыйынында бекитилген.  Анда бардык маалымкаттар текшерилип, кош бойлуулар катталып, УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталган. 


Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялга учууга уруксат берилген эмес, себеби, мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган (учуу үчүн тизмеге жазылган эки кош бойлуу аял каттам учканга чейин көз жарган).


Ошондой эле маалыматта  дагы 1500дөй оорулуулар, боюнда бар аялдар, жашы жете балдар, улгайган жарандар турганы жана алар июнь айында Кыргызстанга жөнөтүлөрү айтылат. 


Элчилик жогорудагы категорияларга кирбеген, бирок Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандарга сабырдуулукка жана авиа байланыштардын ошондой эле россия-казакстан чек арасынын расмий ачылышын күтүүгө чакырат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн