Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 21:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Россиядан келе турган дарыгерлерди Алтынбек Сулайманов каржылайт

04.07.2020 17:00
1831
Россиядан келе турган дарыгерлерди Алтынбек Сулайманов каржылайт


Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов коронавирус менен күрөшүү үчүн Россиядан келе турган кыргызстандык дарыгерлердин чыгымын көтөрөт. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жарыялады.


Анын айтымында, бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, учак билетинин жана 1 ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын чыгымдарын өз мойнуна алган.


“Элибиздин башына оор күндөр түшкөндө биздин чет жердеги мекендештерибиз өздөрү кыйналып жатканына карабай уюшуп, жалпы дарыгерлер өз ара чогулуп, үй-бүлөсүн, жумушун таштап, Кыргызстанга бекер жардам берүү үчүн өз ыктыяры менен келе жатышат.

Бул иш-чараны уюштургандардан Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Өмүралиева Эльвирага, мекендештерибиз Нургуль КамбаралиевагаНурлис Токебаевге, жана Кыргызстанда салым кошкон Индира Ганди Безелова, Айжан Чыныбаева, Мирбек Асангариевке, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго, Өкмөт башчысы Кубатбек Бороновго, уюштуруу иштерин тездетүүгө салым кошкон Саламаттыкты сактоо министрлигине, ошондой эле жакшы күндөрдө да, оор күндөрдө да элибизди колдоп келген диаспора өкүлдөрүнө, мигранттарыбызга терең таазим!

Мен анестезиолог-реаниматолог Эльвира Турсункалиевна жана элчи Аликбек Жекшенкулович менен кеңешип, бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, учак билетинин жана 1 ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын чыгымдарын өз мойнума алдым.

Азыркы кырдаалда ар бирибиз элибиз үчүн колубуздан келген жардамыбызды аябоо - эң маанилүү. Жалпыңыздарга ден соолук, аманчылык каалайм
”, - деген Сулайманов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн