Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 11:40
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Россиядан келе жаткан буудай, май, кумшекер чек арада туруп калды

17.03.2022 11:47
1016
Россиядан келе жаткан буудай, май, кумшекер чек арада туруп калды

Россиядан келе жаткан буудай, май, кумшекер чек арада туруп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бүгүн, 17-мартта парламенттин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугу үчүн бул өтө керектүү товарлар.


"Мага Кыргызстанга буудай, кумшекер, өсүмдүк майын ташыган ишкерлер чалды. Алар жүк ташуучу унаалар менен орус-казак чек арасынан өтө албай туруп калыптыр. Биз ЕАЭБге мүчө өлкө болгондуктан мындай тоскоолдуктар токтотулушу керек.

Ошол жактагы биздин министрлер маселени чечсин",- деди депутат Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн