Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россиядан келген азыктарды доллар эмес, рубль менен алуу сунушталып жатат

23.03.2020 16:07
819
Россиядан келген азыктарды доллар эмес, рубль менен алуу сунушталып жатат


"Рубль наркынын түшүшүнө байланыштуу Россиядан ташылып келүүчү тактай, мунай жана темирдин баасы арзандашы мүмкүнбү?" Бул суроого Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев бүгүн 23-мартта өкмөттөгү брифингде жооп берди.


Анын айтуусунда, Россия менен рынокту байкоо жумуштары жүргүзүлүп жатат. Биринчи кезекте азык-түлүк запастарын камсыздоо иштери алдыга коюлган. Мурда Россия, Казакстан менен ун жана буудай сатып алуу келишимдери доллар менен ишке ашырылып келсе, эми сүйлөшүүлөргө ылайык, апрель айынан баштап рубль менен соодалашуу боюнча сунуштар берилип жатат.


"Алдын ала жыйынтыктар боюнча Россия тарап биздин позицияны колдоп жатканын айтса болот"-, деди Асрандиев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн