Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 13:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Россиядан келген дарыгерлерге карапайым эл ыраазычылык кат жазып, белектерди беришти (сүрөт)

17.08.2020 17:11
1443
Россиядан келген дарыгерлерге карапайым эл ыраазычылык кат жазып, белектерди беришти (сүрөт)


Россиядан келген дарыгерлерге жөнөкөй, карапайым кыргызстандыктар ыраазычылык каттарын жазышып, журналисттер аркылуу белектерди берип жиберишкен. Бул туураалуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Россиянын Башкырстан Республикасынан келген дарыгерлер Кыргызстанда болгон миссиясын жыйынтыктады. Алар жргиликтүү кесиптештеринин эмгегине жогорку баа беришкен.


“Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан дарылоо протоколдору, алгоритмдер жана башка расмий документтер туура кабыл алынып, туура ишке ашырылып жатканын россиялык кесиптештер тастыкташты. Алар Россия менен Кыргызстандын Президенттеринин макулдашуусунун жыйынтыгында 23-июлда келишкен болчу.  Бир айга жакын убакыттын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарындагы медициналык мекемелерде иштеп, илдетти дарылоого активдүү катышышты. Жугуштуу ооруга каршы күрөшүү боюнча бизге керектүү кеп-кеңештерин айтышты. Россиялык дарыгерлердин Кыргызстанда алып барган ишинин жыйынтыгында эки тараптуу, жигердүү тажрыйба алмашуу жүрдү десем жаңылышпайм”, - деген саламатыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов


Сабиржан Абдикаримов россиялык кесиптештеринин колдоосун жогору баалап, аларга Ардак грамоталар менен эстелик белектерди тапшырган. Мындан сырткары жөнөкөй, карапайым кыргызстандыктар ыраазычылык каттарын жазышып, журналисттер аркылуу белектерди берип жиберишкен.


Башкырстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов кыргыз элинин меймандос жана кичипейил мүнөзүнө ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанды сагынаарын айткан.


“Кыргызстанда колу жеңил, адискөй, кесибин сүйгөн дарыгерлер көп экен. Алар COVID-19 илдети менен күрөшүүдө мол тажрыйба топтошконуна жогорку баа бердик. Бийик тоолору жана таза суусу менен кооз Кыргызстанды сагынабыз. Бизге жүктөлгөн милдеттерди толугу менен аткарганга жетиштик. Илдеттин очогунда коронавирус инфекциясына каршы кыргызстандык кесиптештерибиз менен бирге иштегенибизге сыймыктанабыз”, - деген Кустов.


Бүгүн, 17-авгсттта миссиясынын ийгиликтиктүү аякташы менен, Башкырстан Республикасынан келген медицина кызматкерлеринен турган делегация мекенине учуп кетишкен.


Маалымат үчүн:


- Жалпысынан Россиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы миссиясы 25 күнгө созулду;

- Алар Республиканын 30дан ашуун медициналык мекемесинде иш алып барышты;

- 4000ден ашуун бейтап медициналык көзөмөлдөн өткөрүлдү;

- 564 жаран илдеттен сакайып чыгышты;

- Өпкөнү иштетүүчү аппаратка 20 бейтап жаткырылды;

- 17 бейтап өпкөнү иштетүүчү аппараттан чыгарылды;

- 5 бейтап жасалма дем алдыруучу аппараттан бошотулду.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн