Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Россиядан келген медиктер 31 медициналык мекемеде иш алып барды

16.08.2020 14:24
894
Россиядан келген медиктер 31 медициналык мекемеде иш алып барды



Россиядан келген медицина кызматкерлери 31 медициналык мекемеде иш алып барды. Бул тууралуу Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирди.

"23-июлдан баштап биз республика боюнча 31 медициналык мекемеде иш алып бардык. Биз эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну жана жакшыртууну жүргүздүк. Дарыгерлер биргелешип кызыл зоналарда бейтаптарды дарылап жатышты. Андан сырткары, тажрыйба алмашуу боюнча иштер жүргүзүлдү",- деди Кустов.

Анын айтымында, медкызматкерлер бул арада 4 миңден ашуун адам менен иш алып барып, 564 бейтап оорукадан айыгып чыгарылган. Инвазивдик аппаратка 20 адам которулса, 17 адам бул аппараттан чыгарылган. Ал эми, ИВЛ аппаратынан 5 адам чыгарылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн