Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:03
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Россиядан медициналык кызматкерлердин делегациясы келди

02.07.2020 16:23
1480
Россиядан медициналык кызматкерлердин делегациясы келди


Кечээ Россия Федерациясынан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, делегацияны Вячеслав Юрьевич Смоленский – Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары жетектейт.


"Бул делегациянын келиши жакынкы арада президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын президенти менен болгон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат. Биз үчүн бул делегациянын келиши чоң жардам. Себеби коронавирус менен күрөшүүдөгү Россиянын тажрыйбасы бизге маанилүү. Бул делегация менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү кызматташуу маселеси сүйлөшүлөт. Мындан тышкары биздин эпидемиологдор, инфекционисттер, вирусологдор, реаниматологдор сыяктуу адистерибиз бир нече консультациялык жолугушууларды уюштурушат", - деди Боронов. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн