Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 12:21
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 тонна каймак артка кайтарылды

19.12.2024 16:10
1105
Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 тонна каймак артка кайтарылды


"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткан 1 тонна каймак аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү жүргүзгөндө каймактын ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн