Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россиядан жардам катары ПЧР тест-системаларынын партиясы келип түштү

14.07.2020 08:18
1051
Россиядан жардам катары ПЧР тест-системаларынын партиясы келип түштү


Россия Федерациясы коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга гуманитардык жүк жиберди, деп кабарлады Республикалык штабдын басма сөз кызматы.

 
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 миң 720 изилдөө үчүн 820 ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 миң изилдөөгө толук эмес 480 топтому келген.


КР Өкмөтүнүн атынан Саламаттык сактоо министирлиги Россия Федерациясына, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн