Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Россияга авиабилеттердин баасы качан төмөндөйт?

31.03.2021 14:32
607
Россияга авиабилеттердин баасы качан төмөндөйт?

Россияга авиабилеттердин баасы үзгүлтүксүз каттамдар көбөйгөндө арзандайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, үзгүлтүксүз каттамдарга чектөөнү Россия тарап коюуда.

“Учурда жумасына 6 туруктуу каттам бар. Үчөөнү биздин "Ави-Траффик" компаниясы, экөөнү орусиялык "Аэрофлот" компаниясы жана бирөөнү "Урал аба жолдору" ишке ашырат. Бул каттамдардын саны өтө эле аз. Себеби буга чейин айына 30га жакын, күнүнө 3-4 каттам болгон”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн