Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Россиялык 32 жөө күлүк Кыргызстандан баргандан кийин карантинге жаткырылды

07.04.2020 15:24
739
Россиялык 32 жөө күлүк Кыргызстандан баргандан кийин карантинге жаткырылды


Кыргызстанда окуу-машыгууларын өткөргөн Россиянын Свердлов облусунун жеңил атлеттери карантинге жаткырылды. Бул тууралуу Россиялык басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жөө күлүктөр Ысык-Көлдүн жээгине даярдык көрүүгө келген. Жеңил атлеттер мекенине кайтып баргандан кийин медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, эки жумалык карантинге жаткан.


“Жаратканга шүгүр, кечээ бизге аба коридорун берип, биз баардык спортчуларыбызды алып келдик. Биз менен Якутиядан үч жана Челябинск шаарынан 2 паралимпиадачылар келди”, - деген Свердлов облусунун жеңил атлеттер бөлүмүнүн өкүлү Рафаил Карманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн