Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Россиядан келген дарыгерлер аймактардагы медиктер үчүн вебинарларды өткөрөт (фото)

24.07.2020 09:45
793
Россиядан келген дарыгерлер аймактардагы медиктер үчүн вебинарларды өткөрөт (фото)

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун Федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная жана Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, россиялык делегация КР Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.


Россиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.


Аида Исмаилова белгилегендей, россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элдери ортосундагы чыныгы достук жана бир туугандык мамилелердин далили катары саналат жана ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушууга саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн