Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:56
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Россиялык дарыгерлер ишин аяктап, учуп кетишти. А.Исмаилова аларга ыраазычылык билдирди

17.08.2020 19:27
1055
Россиялык дарыгерлер ишин аяктап, учуп кетишти. А.Исмаилова аларга ыраазычылык билдирди


Бүгүн Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн келген россиялык врачтардын миссиясы жыйынтыктады. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова россиялык дарыгерлерге COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн практикалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


«Убакыттан пайдалануу менен Кыргыз Өкмөтүнүн жана өлкө тургундарынын атынан россиялык дарыгерлерге COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө өз учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Өлкөгө келген алгачкы күндөн тарта россиялык медиктер эң татаал жана жооптуу тилкелерде иш алып барышты. Алар тарабынан көлөмдүү иш аткарылды. Врач-эпидемиологдор, инфекционисттер жана башка багыттагы адистер кыргыз кесиптештери менен биргеликте коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө практикалык көмөк көрсөтүштү. Сиздердин жардамыңыздардын натыйжасында инфекциянын толкунун жайгарууга мүмкүндүк болду», - деп белгиледи вице-премьер-министр.


Өз кезегинде россиялык дарыгерлер тобунун жетекчиси, Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов өз пикирин ортого салып, жергиликтүү кесиптештеринин жогорку кесипкөйлүгүн белгиледи.


«Бир тууган республикага коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү боюнча маанилүү миссияны Россия бизге ыйгарганына сыймыктанабыз. Биз алдыга коюлган милдетти татыктуу аткардык деп ишенем. Учурда абал турукташты, оорудан каза болгондордун жана ооруга кабылгандардын саны азайгандыгы байкалууда», - деп кошумчалады ал.


Россиялык адистер Кыргызстанга 2020-жылдын июль айынын соңунда келген жана өздөрү менен бирге тийиштүү жабдууларды жана медикаменттерди ала келишкен. Россиялык медиктер Кыргызстандын президентинин жана Россиянын президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында иш алып барышкан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн