Челябинск облустук мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Владимир Горнов жетектеген “Челябинск” яхтасынын кыймылдаткычы бузулуп, май айынын этегинен бери Тынч океанда кыймылсыз турат деп маалымдады бүгүн, 18-июнда Znak.com.
Жер шарын айланып чыкмак үчүн жарым жыл мурда сапар тарткан Горновдун экипажы учурда запастык тетиктерди күтүп Жаңы Каледонияда турат деп билдирди “Орус географиялык коомунун” регионалдык бөлүмү да. Маалыматка караганда коронавирус эпидемиясынан улам экипаждын аралга виза алуусуна мүмкүн болбой жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн