Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россиялык оппозиционер Алексей Навальный Шереметьево аэропортуна түшкөн учурда кармалды

18.01.2021 08:42
490
Россиялык оппозиционер Алексей Навальный  Шереметьево аэропортуна түшкөн учурда кармалды

Россиялык оппозиция лидери Алексей Навальный Германиядан  Шереметьево аэропортуна түшкөн учурда кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Орусиянын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматына шилтеме берүү менен билдиришти.


Буга чейин департамент Навальный шарттуу жаза өтөө эрежелерин бузгандыгы үчүн жакынкы аралыкта камалышы мүмкүн деп билдирген.


Буга чейин, Навальный келиши керек болгон Москвадагы "Внуково" аэропортунда саясатчынын санаалаштары кармалган.


Маалыматка ылайык, Навальный башында турган Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболь, фонддун кызматкери Руслан Шаведдинов жана Навальныйдын командасынын башка мүчөлөрү камакка алынган.

 Ошондой эле, Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальныйдын кармалганы да кабарланууда.


Буга чейин орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный Орусияга 17-январда кайтып келерин айткан.


Бийлик саясатчынын тарапкерлерине ал Москвага кайтып келген күнү массалык иш-чараларга жол берилбестиги жөнүндө эскертип, Внукового кошумча полиция бөлүктөрүн тарткан.


Эске салсак, оппозициялык саясатчы 2020-жылдын 20-августунда Омск шаарындагы ооруканага ууланып түшкөн.


Ал Томск-Москва учагында эсин жоготкон. 22-августта Навальныйды Омск шаарынан Берлинге жеке учак менен дарылоо үчүн алып келишкен.7-сентябрда орусиялык оппозиционер жандандыруу бөлүмүндөн чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн