Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Атайын ууландырышкан": Россиялык оппозиционер А.Навальный комага түштү

20.08.2020 14:11
822
"Атайын ууландырышкан": Россиялык оппозиционер А.Навальный комага түштү


Россияда коррупция менен күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный Омск шаарында ооруканага түштү. Бул тууралуу  Twitter баракчасында оппозиционердин пресс-катчысы Кира Ярмыш билдирди. 


Анын айтымында, Навальный кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, аны дарыгерлер жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушкан. 


Кийинчерээк  Кира Ярмыш Навальный комада, оор абалда экенин билдирген. Ал түшкөн ооруканага Навальныйдын штабынын талабы менен полиция кызматын чакырышкан. 


"Бүгүн эртең менен Навальный Москвага Томсктон келе жаткан. Учактан ал өзүн жаман сезип, учак Омск шаарына конууга аргасыз болгон. Навальный ууланган", - деп жазган Ярмыш. 


Навальныйдын штабы саясатчыны чайга бир нерсе кошуу менен атайын ууландырышкан деп божомолдошот. Анткени, алардын айтымында,  Навальный эртен менен чай гана ичкен.


Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду менен президент Владимир Путин сыяктуу саясатчылардын ишмердигин, эсепсиз байлыгын иликтеп келет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн